iBet uBet web content aggregator. Adding the entire web to your favor.
iBet uBet web content aggregator. Adding the entire web to your favor.



Link to original content: https://ky.wikipedia.org/wiki/Диспетчердик_борбор
Диспетчердик борбор - Википедия Мазмунга өтүү

Диспетчердик борбор

Википедия дан

Диспетчердик борборавтоматика жана телемеханика каражаттарын пайдаланып, темир жол бекеттеринде поезддердин кыймылын бир пункттан башкаруу тутуму.

Диспетчердик борбордо автоблокировка, телебашкаруу жана телесигналдоо аппаратурасы, бекеттерде көрсөткүч белгилерди жана сигналдарды жерг. башкаруу түзүлүштөрү, борборлоштурулган диспетчердик аппарат, поезддерди автоматтык түрдө каттап туруучу түзүлүш ж.б. болот.

Бекеттер жана разъезддер аркылуу поезддерди кабыл алуу жана жөнөтүү иштерин башкаруу пунктундагы поезддик диспетчерлер аткарып, аларды токтоосуз өткөрүү светофор менен автоматтык түрдө жөнгө салынат. Борбордук башкаруучу пост башкарылуучу участкалардан бир кыйла алые болуп, ортодогу стапциялар бир жердей башкарылат. Диспетчердик борбор бир колеялуу темир жолунда колдонулуп, аларда поезддерди өткөрүү жөндөмдүүлүтүн 25-30 % жогорулатуу менен көп учурларда катарлаш экинчи жолду курбоого жана тейлөөчү адамдардын санын азайтууга шарт түзөт.

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.