iBet uBet web content aggregator. Adding the entire web to your favor.
iBet uBet web content aggregator. Adding the entire web to your favor.



Link to original content: https://ky.wikipedia.org/wiki/Антигуа_жана_Барбуда
Антигуа жана Барбуда - Википедия Мазмунга өтүү

Антигуа жана Барбуда

Википедия дан

Антигуа жана Барбуда
англ. Antigua and Barbuda

Герб
Туу Герб
Урааны: «Each Endeavouring, All Achieving (Ар биринин аракети менен жалпы ийгилик)»
Гимн: «Fair Antigua, We Salute Thee (Кооз Антигуа, биз сени даңктайбыз)»
Эгемендүүлүк күнү 1-ноябрь 1981-жыл

Улуу Британиядан)

Расмий тили англис тили
Борбор шаары Сент-Жонс
Ири шаарлар Сент-Жонс
Башкаруу формасы Конституциялык монархия
Король
Генерал-губернатор
Премьер-министр
Чарльз III
Родни Уильямс
Гастон Браун
Мам. дини Динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
182-орун - дүйнөдө
440 км²
Калкы
• Бааланган (2022)
Жыштыгы

100,772 адам (182-орун)
186 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы

2,6 млрд $
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

1,95 млрд $
19,068 $
АДӨИ  0,826 (жогору) (54-орун)
Этнохороним антигуа жана барбудалык, антигуа жана барбудалыктар
Акча бирдиги Чыгыш Кариб доллары (XCD)
Домени .ag
ISO коду AG
ЭОК коду ANT
Телефон коду +1-268
Убакыт аралыгы UTC -04:00
Викиказынадагы медиафайлдар

Антигуа жана Барбуда (англ. Antigua and Barbuda) — Кариб деңизинин ушундай эле аталыштагы аралдарда жана Антил аралдарынын Редонда аралында жайгашкан мамлекет.

Өлкө эки чоң Антигуа жана Барбуда аралдарынан жана бир нече кичинекей аралдардан турат. Туруктуу калкынын саны болжол менен 97,120 адам, алардын 97% Антигуада жашайт[1].

Сент-Жонс борбору жана ири порту болуп саналат. Кодрингтон шаары Барбуда аралындагы эң чоң шаары.

Испан тилинен которгондо «антигуа» сөзү «байыркы», ал эми «барбуда» сөзү «сакалдуу» деген маанини билдирет[1]. Антигуа аралы башында аравактар тарабынан «Вададли» деп аталган жана бүгүнкү күндө жергиликтүү калк тарабынан «Вададлы» деп аталып келет. Карибдер Барбуда «Ваомони» деп атайт.

1493-жылы аралга келген Христофор Колумб жана аралдарды Испаниянын Севилья cоборундагы Санта-Мария-ла-Антигуа (исп. Santa Maria la Antigua) иконасынын урматынан атаган деген маалыматтар дагы кездешет. «Барбуда» («сакалдуу») деген сөз аралдын эркек тургундарына же ал жактагы анжыр дарактарына карата колдонулат деп эсептелет[2].

Колониялык доорго чейинки мезгил

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Антигуада байыркы убактарда аңчылык жана жыйноочулук менен алектен американын түпкүлүктүү сибонейлер отурукташкан[3][4].

Радиоуглероддук изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, бул аралдардагы эң алгачкы конуштардын б. з. ч. 3100-жылы түптөлгөндүгү аныкталган[5].

Колумб аралдарды ачканга чейинки мезгилде аравак тилинде сүйлөгөн саладоиддер Ориноко дарыясынын төмөнкү бөлүгүнөн көчүп келип отурукташып калышкан[6]. Алар айыл чарбасын өнүктүрүп, атактуу кара ананас, жүгөрү, таттуу картошка, чили, гуава, тамеки жана пахта өстүрүшкөн[7]. Кийинчерээк кариб улутундагы адамдар да аралга күч менен алынынып келинишип отурукташып калышкан.

Европалыктардын келиши жана кулчулук

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Антигуа. 1823-жыл

Христофор Колумб 1493-жылы аралдарды көргөн биринчи европалык адам болгон[3]. Испаниялыктар антигуалыктарды европалыктар менен африкалыктардын ооруларынан, начар тамактануу жана кулчулуктун натыйжасында жергиликтүү калктын көбү каза болгондон кийин гана колонияга айлантышкан[8].

Англиялыктар Антигуага 1632-жылы, ал эми Кристофер Кодрингтон Барбудага 1685-жылы келип отурукташкан[4]. Европалык баскынчылар бул аралдарда Батыш Африкадан алынып келинген кулдарды тамеки, андан кийин кант камышын өстүрүлгөн талааларда иштетишкен[3].

Колониялык доор

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Елизавета II сүрөтү түшүрүлгөн, 1953-жылдын почта маркалары

Англиялыктар 1666-жылы француздардын чабуулун кайтарып, аралдарды көзөмөлүн сактап калууга жетишкен[3]. Кулдардын турмушунун катаал шарттары 1701-жылы жана 1729-жылы уюштурулбаган көтөрүлүштөргө жана 1736-жылы Клаас ханхаадасы тарабынан пландалган көтөрүлүшкө алып келген, бирок көтөрүлүш башталганга чейин эле катышуучулар табылган жана козголоңчулардын башчылары өлүм жазасына тартылган [9].

1833-жылы Британия империясында кулчулук жоюлганына байланыштуу экономикада терс көрүнүштөр каталалган. 1843-жылы болгон жер титирөө жана 1847-жылы болгон бороон сыяктуу табигый кырсыктардын болушу экономиканы өтө эле жабырланткан. 1929-жылы Редонда аралында кен казуу иштери токтотулган жана ошол убакыттан бери аралда туруктуу эч ким жашабайт[10].

Ливард аралдарынын колониясынын бир бөлүгү болгон Антигуа жана Барбуда 1958-1962-жылдары кыска мөөнөттө Вест-Индия федерациясынын бир бөлүгү болуп калган. Антигуа жана Барбуда 1967-жылдын 27-февралында толук ички автономияга ээ болгон Улуу Британиянын ассоциацияланган мамлекети болуп калган. 1970-жылдары аралдардын келечеги жана Антигуа жана Барбуданын макамы туралуу маселелер көтөрүлүп, акыры Антигуа жана Барбуда 1981-жылдын 1-ноябрында толук көз карандысыздыкка жетишкен. Вир Берд жаңы өлкөнүн премьер-министри болуп дайындалган.

Эгемендүүлүк доору

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Нельсондун кеме куруучу жайы
Вир Берддин урматына орнотулган эстелик

Антигуанын көз карандысыздыгынын алгачкы эки он жылдыгында саясий жактан Берддердин үй-бүлөсү үстөмдүк кылган. 1981-1994-жылдары Вир Берд башкарган, андан кийин 1994-2004-жылдары анын уулу Лестер Берд башкарган. Саясий туруктуулукту камсыз кылуу жана өлкөгө туризмди өнүктүрүү менен бирге, Берддердин үй-бүлөсүн коррупция, тууганчылык жана каржылык мыйзамдарды бузду деп айыпташкан. Вир Берддин тун уулу 1990-жылы Израилдин курал-жарагын Колумбиянын баңгизат сатуучуларына аткезчилик менен ташыган деп айыпталып[11], министрлик кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.1995-жылы дагы бир уулу Айвор Берд кокаин сатканы үчүн соттолгон[12].

1995-жылы Луис бороону Барбудага катуу зыян келтирген[13].

Саясаттагы Берддердин үй-бүлөсү жетектеген партиянын үстөмдүгү 2004-жылкы жалпы шайлоо менен аяктаган, ал шайлоодо Уинстон Болдуин Спенсердин Бириккен прогрессивдүү партиясы жеңишке жетишкен.

2016-жылы Нельсондун кеме куруучу жайы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген[14].

2017-жылдын сентябрь айынын башында ылдамдыгы 295 км/саатка жеткен Ирма бороонунун жыйнтыгында Барбуданын көпчүлүк бөлүгү кыйрап калган. Премьер-министр Гастон Браундун айтымында, бороон-чапкын аралдын 95% имараттарын жана инфраструктурасын талкалап, Барбуданы «жашоого жараксыз» калтырган. Аралдын дээрлик бардык тургундары Антигуага көчүрүлгөн[15].

Спутниктен тартылган сүрөтү

Мамлекет салыштырмалуу эки чоң аралдардан жана алардын жээгине жакын жайгашкан бир нече майда аралдардан турат. Антигуа — эң ири (280 км²) жана калктуу аралы. Антигуадан 48 км түндүктө жайгашкан Барбуда аралы аянты (161 км²) жагынан экинчи чоң арал. Антигуадан 1,6 км батыш тарапта жайгашкан Редонда (10 ккм²) кичинекей аралы да Антигуа жана Барбуда мамлекетинин бир бөлүгү болуп саналат.

Чыгышынан Атлантика океанынын, батышынан Кариб деңизинин суулары менен чулганат.

Ландшафтта негизинен ойдуңдар басымдуулук кылат. Антигуанын эң бийик чекити — Богги дөбөсү (402 м). Барбуданын эң жогорку чекити 32 м.

Мамлекеттин борбору болгон Сент-Жонс шаары Антигуада жайгашкан. Барбудадагы жалгыз калкыту конуш болуп Кодрингтон шаары саналат.

Жаан-чачындын орточо көлөмү жылына 990 мм, жаандын көлөмү мезгилге жараша ар кандай. Жалпысынан алганда, эң нымдуу мезгил сентябрь жана ноябрь айларынын ортосунда болот. Аралдар, адатта, нымдуулуктун төмөндүгүнө жана кургакчылыктын кайталанышына дуушар болуп турат. Абанын температурасы орточо 27°C, кышында 23°Cдан 29°Cга чейин, жай жана күз айларында 25 °Cдан 30°Cга чейин. Эң салкын мезгил декабрь жана февраль айларынын ортосунда болот.

Мезгили-мезгили менен катуу, ири чыгымдарга алып кылген бороон-чапкындар болуп турат. Орточо эсеп менен жылына жок дегенде бир жолу катуу бороон каталат[16].

Аралдардын жаныбарлар дүйнөсү негизинен бай орнитофаунадан, курчап турган сууларында коралл рифтеринен турат.

Саясий түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Антигуа менен Барбуданын Парламентинин жыйындар залы
Премьер-министрдин кеңсеси
Өкмөт үйү, генерал-губернатордун расмий резиденциясы жана иштеген кеңсеси
Барбуда кеңешинин катчысынын Кодрингтондогу штаб-квартирасы
Антигуа менен Барбуданын дипломатиялык мамилелери

Антигуа жана Барбуданын саясий системасы унитардык парламенттик монархия катары аныкталат. Антигуа жана Барбудада бийлик бутактарын бөлүүнүн жана өз ара аракеттенүүнүн өзгөчө ыкмасы менен мүнөздөлгөн Вестминстер модели иштейт. Мамлекет башчысы болуп Улуу Британиянын монархы саналат, ал өкүлчүлүк функциялары бар генерал-губернаторду дайындайт. 2007-жылы генерал-губернатор болуп дайындалган Луиза Лейк-Тэк Антигуа жана Барбуда тарыхындагы биринчи аял губернатор болгон.

Министрлер кабинети парламенттик шайлоодо жеңип чыккан партиянын мүчөлөрүнөн түзүлөт, министрлердин талапкерлиги премьер-министрдин сунушу боюнча генерал-губернатор тарабынан формалдуу гана бекитилет. Премьер-министр аткаруу бийлигине ээ болгон өкмөттүн башчысы. Өкмөт парламенттин алдында жооп берет, парламент ага ишенбөөчүлүк көрсөтө алат. Премьер-министр парламент таркаган учурда же депутаттык мандатын жоготкон же убактылуу күчүн жоготкон башка учурларда өз ыйгарым укуктарынан ажыратылат. Министрлер премьер-министрдин өтүнүчүнүн негизинде иштеген генерал-губернатордун тиешелүү жарлыгы боюнча, ошондой эле премьер-министр кызматтан кеткен же парламент таркатылган учурда кызматынан кетет[17].

Мыйзам чыгаруу бийлиги өкмөткө жана Антигуа менен Барбуданын парламентинин эки палатасына таандык. Эки палаталуу парламент Сенаттан (17 сенатор) жана Өкүлдөр палатасынан (17 депутат) турат[17].

Он сенатор премьер-министрдин сунушу боюнча генерал-губернатор тарабынан, төрт сенатор оппозиция лидеринин сунушу боюнча дайындалат. Бир сенатор генерал-губернатор тарабынан, генерал-губернатордун пикири боюнча, кызыкчылыктары көрсөтүлүшү керек болгон социалдык же башка топтордун өкүлдөрүнөн дайындалат. Генерал-губернатор дайындаган Сенаттын бир мүчөсү Барбуданын мыйзам чыгаруу кеңешинин кызыкчылыгын коргойт, дагы бири премьер-министрдин сунушу боюнча Барбудадан дайындалат. 21 жаштан жаш эмес, өлкөнүн жараны болгон жана дайындалган күнгө чейин анын аймагында кеминде 12 ай туруктуу жашаган адам гана сенатор боло алат[17].

21 жаштан жаш эмес, өлкөнүн жараны болгон жана анын аймагында шайланган күнгө чейин кеминде 12 ай туруктуу жашаган адам палатанын депутаты боло алат. Өкүлдөр палатасынын депутаттары мажоритардык система боюнча бир мандаттуу округдарда түздөн-түз жашыруун элдик добуш берүү аркылуу шайланат. Парламенттеги бир орун Барбуда аралынын өкүлү болуп дайындалат. Активдүү шайлоо укугуна Антигуа менен Барбуданын 18 жашка толгон жарандары, ошондой эле мамлекетте жеке менчик мүлкү бара Улуттар Шериктештигинин жарандары ээ[17].

Соңку шайлоо 2018-жылы 21-мартта болгон. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча Эмгек партиясы мыйзам чыгаруу Ассамблеясында 15 орунга, Бириккен прогрессивдүү партиясы жана Барбуда элдик кыймылы бирден орунга ээ болгон[17].

Сот бийлигин Чыгыш Кариб Жогорку соту жүргүзөт. Чыгыш Кариб Жогорку сот тутумуна мүчө ар бир мамлекеттин өзүнүн жогорку соту бар. Антигуа жана Барбуда ошондой эле Кариб Адилет сотунун мүчөсү[17].

Антигуа жана Барбудада жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жок. Бардык башкаруу функцияларын улуттук өкмөт ишке ашырат.

Тышкы саясаты

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Антигуа жана Барбуда 72 өлкө менен дипломатиялык мамиле түзгөн.

Антигуа жана Барбуда Бириккен Улуттар уюмунун, Латын Америка жана Кариб өлкөлөрүнүн альянсынын, Улуттар Шериктештигинин, Кариб деңизинин коомчулугунун, Чыгыш Кариб мамлекеттеринин уюмунун, Америка мамлекеттеринин уюмунун, Дүйнөлүк Соода Уюмунун жана Чыгыш Кариб аймактык коопсуздук системасынын мүчөсү. Ошондой эле эл аралык кылмыш иштери боюнча сотунун мүчөсү.

Куралдуу күчтөрү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Антигуа жана Барбуда Королдук коргоо күчтөрү (англ. Royal Antigua and Barbuda Defence Force) — Антигуа жана Барбуданын мамлекеттик аскердик уюму, анын милдеттерине Антигуа менен Барбуданын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн коргоо, анын ичинде жарандык бийликке жардам берүү, балык уулоону коргоо, баңги заттардын жүгүртүлүшүн токтотуу, гуманитардык жардам көрсөтүү жана аймактык тынчтыкка көмөктөшүү кирет[18].

Коргоо күчтөрүн коргоо штабынын башчысы жетектейт, ал генерал-губернатордун буйругуна баш ийет[19]. Коргоо күчтөрүнүн штаб-квартирасы Близард лагеринде жайгашкан.

Административдик-аймактык түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Өлкөнүн картасы

Антигуа жана Барбуда алты округдан (Сент-Питер, Сент-Филип, Сент-Жордж, Сент-Жон, Сент-Мэри, Сент-Пол) жана эки көз каранды аймактан (Барбуда жана Редонда) турат. Сент-Жон шаарында Антигуа жана Барбуда калкынын жарымынан көбү жашаган эң көп калктуу аймак[20].

Аталышы Админ.борбору Карта
1 Сент-Жорж (Saint George) Пигготс (Piggots)
2 Сент-Жон (Saint John) Сент-Жонс (Saint John’s)
3 Сент-Мэри (Saint Mary) Боланс (Bolans)
4 Сент-Пол (Saint Paul) Фалмут (Falmouth)
5 Сент-Питер (Saint Peter) Парем (Parham)
6 Сент-Филип (Saint Philip) Карлайл (Carlisle)
2020-жылга карата жыныстык жана курактык түзүм
  • Калкы — 100,772 (2023-жылга карата).
  • Жылдык өсүш — 1,3 %.
  • Төрөттүн деңгээли — 1000 адамга 16,4 (фертилдүүлүк — бир аялга 2,06 төрөт),
  • өлүмдүн деңгээли — 5,8 на 1000,
  • 15 жашка чейинки калктын үлүшү — 28 %, 65 жаштан жогору — 7 %,
  • иммиграция — 2,4 на 1000.
  • Орточо жашоо узактыгы — 73 жаш эркектер арасында, 77 жаш аялдар арасында.
  • Этно-расалык курамы: афроамериканлыктар — 91 %, мулаттар — 4,4 %, актар — 1,7 %, башкалар — 2,8% (2001-жылдын мааылматы боюнча).
  • Сабаттуулук — 86 %.
  • Шаардын калкы — 30 %, айыл жергесинин калкы — 70 %. 15 жашка чейинки курактагылар калктын 26%, 16ден 65 жашка чейинкилер — 67 %, 65 жаштан жогору — 7 %.

Англис тили расмий тил, бирок көптөгөн жергиликтүү тургундар антигуан креол тилинде сүйлөшөт. Барбуд акценти антигуандык акценттинен бир аз айырмаланат.

Эгемендүүлүккө чейинки жылдарда стандарттуу англис тили антигуандык креолго карата кеңири жайылган. Андан кийин антигуандык креол антигуандыктар тарабынан өз маданиятынын маанилүү аспектиси катары карала баштаган. Эреже катары, жогорку жана орто класстагы жарандар антигуандык креол тилин колдонууну калашпайт. Билим берүү системасы антигуандык креолду колдонбойт жана окутуу стандарттуу англис тилинде жүргүзүлөт.

Антигуан креолунда колдонулган көптөгөн сөздөр англис жана африка тилдеринен алынган. Аралда колдонулган макал-лакаптар көбүнчө африкалыктарга таандык.

Болжол менен 10 000 адам испан тилинде сүйлөй алат[21].

Ыйык Иоанндын собору
Бакстер мемориалдык методисттик чиркөөсү

Антигуандыктардын көпчүлүгү (77%) христиандар, англикандар (17,6%) эң чоң диний топту түзүшөт[1].

Христиан дининин башка агымдары:

  • Жетинчи күндүк адвентисттер чиркөөсү — 12,4%
  • Элүүнчү күн майрамы — 12,2%
  • Моравия чиркөөсү — 8,3%
  • Рим католиктери — 8,2%
  • Методисттер чиркөөсү — 5,6%
  • Веслиан ыйыктык чиркөөсү — 4,5%
  • Кудай чиркөөсү — 4,1%
  • баптисттер — 3,6%
  • мормондор — <1,0%
  • Жахабанын Күбөлөрү — <1,0%

Антигуа жана Барбуда — эл аралык кызматтарды көрсөтүүгө адистешкен өнүгүп келе жаткан мамлекет. Экономикасынын негизин туризм багыты түзүп, ИДП 60% берет.

2012-жылга карата маалыматтарга ылайык айыл чарбасында төмөнкү айыл чарба өсүмдүктөрү өстүрүлөт: банан, буурчак өсүмдүктөрү, капуста, сабиз жана турнепс, маниока, чили жана башка калемпирлер, пахта (пахтанын үрөнү жана пахта майы), бадыраң (анын ичинде корнишондор), баклажан, пияз, ашкабак, помидор, жүгөрү жана бакча өсүмдүктөрү.

Мамлекеттин аймагында кийим жана алкоголдук ичимдиктерди өндүрүлөт.

Дүйнөлүк банктын 2010-жылдын ортосунда жарыяланган жылдык классификациясында Антигуа жана Барбуда «ортодон жогору кирешелүү» экономикасы бар өлкө деп аталган. 1982-жылы оффшордук бизнес өнүгө баштаган, 1993-жылдан тартып оффшордук банктар да түзүлө баштаган, ал эми акыркы жылдары интернет тармагын колдонуу менен оффшордук оюн бизнеси өнүгө баштаган. Улуттук өнүгүү фондуна, мамлекеттик облигацияларга же кыймылсыз мүлк сатып алууга инвестиция салуу менен Антигуа жана Барбуда жарандыгын алууга болот.

Нельсон верфи

Антигуа жана Барбуданын маданияты негизинен англис маданияты окшош. Улуттук спорт крикет болуп саналат. Башка популярдуу спорттун түрлөрүнө футбол, парус спорту жана серфинг кирет.

Америкалык поп маданияты жана мода да күчтүү таасир этет. Өлкөнүн массалык маалымат каражаттарынын көпчүлүгү Американын ири ММК тармактарынынын курамында.

Үй-бүлө салттары жана дин элдин жашоосунда маанилүү ролду ойнойт. Калктын көпчүлүгү жекшемби күндөрү диний иш-чараларга катышып турат.

Британдык Вест-Индиядагы кулчулуктун жоюлушун эскерүү үчүн августта улуттук карнавал өткөрүлөт.

Музыканын популярдуу багыттары — калипсо жана сока.

Жүгөрү жана таттуу картошка антигуанынын ашканасында маанилүү ролду ойнойт. Дукунаг популярдуу антигуа тамагы майдаланган таттуу картошка, ун жана татымалдар кошулган, бууга бышырылган чүчпара. Фунжи тамагы жүгөрү унунан жасалган кесме.

Социалдык тармагы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ПРООНдун «Адамдын өнүгүүсү 2009» отчетуна ылайык Антигуа жана Барбуда бойго жеткен калктын (15 жаштан жогору) сабаттуулук деңгээли 2007-жылы 99% түзгөн[22]. 2007-жылы башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларында окугандардын жалпы көрсөткүчү — 85,6%, билим деңгээлинин индекси — 0,945[23].

Мектепте билим берүү 5 жаштан 16 жашка чейинки балдар үчүн милдеттүү болуп саналат жана мамлекет тарабынан акысыз берилет. Билим берүү мыйзамына ылайык мамлекеттик жана жеке мектептер төмөнкү категорияларга бөлүнөт:

  • 5 жашка чейинки балдар үчүн балдар бакчалары;
  • 5 жаштан 12 жашка чейинки башталгыч мектептер;
  • 12 жаштан 20 жашка чейинки орто мектептер;
  • атайын кол өнөрчүлүк жана техникалык билим берүүчү техникалык мектептер;
  • мугалимдерди кесиптик даярдоо үчүн педагогикалык колледждер;
  • мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын мектептер;
  • башка мектептер, анын ичинде жогорку жана атайын кесиптик билим берүү мекемелери.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө 34 мамлекеттик жана 28 жеке башталгыч, 9 мамлекеттик жана 6 жеке орто мектептер, ошондой эле институттар менен колледждерди камтыган 13 башка билим берүү мекемелери бар[24].

Антигуа жана Барбудада бир нече жогорку окуу жайлары бар, атап айтканда Антигуа мамлекеттик колледжи, Антигуа жана Барбуда маалыматтык технологиялар институту, ошондой эле Вест-Индия университетинин Арал академиясы филиалы.

1998-жылы Антигуа жана Барбуда Кариб деңизинде саламаттыкты сактоо кызматтарын көрсөтүү боюнча алдыңкы орунга чыгуу боюнча улуттук программаны кабыл алган. Учурда Антигуа аралында эки медициналык окуу жайы бар - 2004-жылы негизделген Америкалык Антигуа университети[25] жана 1982-жылы негизделген Саламаттыкты сактоо университети[26].

Саламаттыкты сактоо

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Антигуа менен Барбудада медициналык жардам көрсөтүү дүйнө жүзү боюнча орточо көрсөткүчтөн жогору.

Жашоо узактыгы эркектер үчүн 76,5 жаш, аялдар үчүн 81,6 жаш. Жыл сайын ар бир тургунга 923,41 АКШ долларына барабар каражат мамлекеттик чыгымдар менен саламаттык сактоо чараларына жумшалат. Бул ички дүң продуктунун болжол менен 5,9 % түзөт[27].

  1. 1.0 1.1 1.2 Central Intelligence Agency. The World Factbook. Antigua and Barbuda
  2. A History Of Antigua And Barbuda
  3. 3.0 3.1 3.2 3.3 Encyclopaedia Britannica. Antigua and Barbuda
  4. 4.0 4.1 The Commonwealth. Antigua and Barbuda: History
  5. Reevaluating human colonization of the Caribbean using chronometric hygiene and Bayesian modeling
  6. Caribbean Trade and Networks
  7. Prehistoric Settlement Patterns on St. Vincent, West Indies
  8. Suzanne Austin Alchon, A Pest in the Land: New World Epidemics in a Global Perspective
  9. Antigua’s Disputed Slave Conspiracy of 1736
  10. Debbie Nevins. Cultures of the World: Antigua and Barbuda
  11. CARIBBEAN / Premier's Brother Arrested for Smuggling
  12. PM Lester Bird and Tim the Nemesis
  13. 20th Anniversary of Hurricane Luis
  14. Nelson’s Dockyard in Antigua now a Unesco heritage site
  15. Hurricane Irma leaves Caribbean islands devastated
  16. Hurricane Irma: Powerful storm blamed for three deaths
  17. 17.0 17.1 17.2 17.3 17.4 17.5 Антигуа жана Барбуданын Конституциясы
  18. Antigua and Barbuda Defence Force
  19. AN ACT to revise the law relating to the Antigua and Barbuda Defence Force and for related matters
  20. Antigua and Barbuda. 2018 Labour Force Survey Report
  21. The Spanish Language in Antigua and Barbuda: Implications for Language Planning and Language Research
  22. Literacy rate, adult total (% of people ages 15 and above) - Antigua and Barbuda
  23. Education Statistics (EdStats). Country at a Glance - Antigua and Barbuda
  24. Окуу жайлайрдын тизмеси
  25. American University of Antigua
  26. University of Health Sciences Antigua
  27. Healthcare in Antigua and Barbuda

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]