iBet uBet web content aggregator. Adding the entire web to your favor.
iBet uBet web content aggregator. Adding the entire web to your favor.



Link to original content: http://ky.wikipedia.org/wiki/.网络
.网络 - Википедия Мазмунга өтүү

.网络

Википедия дан
.网络
Ишке кириши

2002-жыл

Тип

жогорку деңгээлдеги улуттук домен

Макамы

иш үстүндө (Кытайдын аймагында)

Каттоочу уюм

Кытай интернет тармагынын маалымат борбору

Уюштуруучу

Кытайдын илимдер академиясы

Максаты

Кытай менен байланышкан объектер

Колдонулушу

Кытайда кеңири колдонулат жана бизнес аналитика менен алектенген тараптардын арасында да белгилүү

Түзүмү

Экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоого болот, Кытай провинцияларынын субдоменин колдонуу да мүмкүн

Документтер

Эрежелер

Талаш-тартыштарды чечүү

[China ccTLD Dispute Resolution Policy Талаш-тартыштарды чечүү шарттары]

Сайт

CNNIC


Жогорку деңгээлдеги улуттук домендердин картасы
Логотиби

.网络 (кыт. .网络 — «тармак», Punycode: xn--io0a7i) — Кытай үчүн кытай иероглифтери менен жазылган жогорку деңгээлдеги улуттук домен.

Бул домен 2002-жылы Кытайдын аймагында ишке киргизилген[1][2]. Латын алфавитин колдонбогон тилдердеги домендерди киргизүүнүн техникалык мүмкүнчүлүгү RFC стандартына тиешелүү IETF киргизгенден кийин пайда болгон[3].

Экинчи деңгээлдеги домен аталыштары кытай иероглифтерин, латын тамгаларын, сандарды жана дефисти камтышы мүмкүн[4].

Бул домендик аталыштарды Кытайдын аймагында гана түз колдонууга болот, Кытайдан сырткары аймактарда DNS-серверлерин кол менен жазып орнотуу аркылуу гана кытай иероглифтериндеги аталыштагы домендерге кирсе болот[5].

  1. 我国互联网类别域名增至7个 CN下设国防域名
  2. China’s New Domain Names: Lost in Translation
  3. RFC 3454, RFC 3490, RFC 3491, RFC 3492
  4. 中文域名用户常用问题解答
  5. New Chinese TLDs

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]